Негизги максаттар:
-
дин кырдаалын изилдөө, мониторинг жана талдоо боюнча улуттук тутумду калыптандыруу жана өнүктүрүү;
-
диндик негиздеги жаңжалдардын алдын алууга жана жол бербөөгө багытталган алдын алуу чараларын өркүндөтүү ;
-
диний маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, адистерди даярдоону жүзөгө ашыруу жана калктын диний жана дин таануу сабаттуулугун жогорулатуу;
-
диний чөйрөдөгү маселелер боюнча консультация берүү, ошондой эле дин негизиндеги көйгөйлөргө жана жаңжалдарга байланышкан алдын алуу, профилактика жана жооп кайтаруу боюнча сунуштар менен рекомендацияларды иштеп чыгуу.
Түзүм
Изилдөө бөлүмү
Изилдөөлөр бөлүмү — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүмдүк бөлүмү болуп, дин тармагында изилдөө жана мониторинг ишмердүүлүгүн жүргүзөт (мындан ары — Госкомиссия).
Бөлүмдүн максаттары:
-
дин кырдаалын изилдөө, мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча улуттук тутумду калыптандыруу жана өнүктүрүү;
-
диний чөйрөдөгү маселелер боюнча консультация берүү, дин негизиндеги көйгөйлөрдү жана жаңжалдарды алдын алуу, профилактика жана жооп кайтаруу боюнча сунуштар менен сунуштамаларды иштеп чыгуу;
-
диндик негиздеги жаңжалдарга жол бербөө жана аларды алдын алуу боюнча превентивдик чараларды өркүндөтүү.
Эл аралык кызматташтык жана билим берүү программалары сектору
Эл аралык кызматташтык жана билим берүү программалары сектору — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана дин тармагында эл аралык, билим берүү жана илимий ишмердүүлүктү жүргүзөт.
Сектордун максаттары:
— улуттук жана эл аралык илимий долбоорлорду, программаларды, келишимдерди, гранттарды жана кызматташтыктын башка формаларын улуттук жана чет өлкөлүк университеттер, мекемелер, уюмдар жана фонддор менен ишке ашыруу;
— диний жана дин таануу билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган билим берүү программаларынын улуттук тутумун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
— жаңы билим берүү программаларынын концепцияларын иштеп чыгуу, ошондой эле аларды долбоорлоо жана ишке ашыруунун механизмдери боюнча эксперттер тобун калыптандырууга көмөктөшүү.