Методикалык колдонмо: согуш жүргөн аймактардан мекенине кайтарылган жарандар менен иштөө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери жана дин кызматкерлери үчүн.
Методикалык колдонмо: согуш жүргөн аймактардан мекенине кайтарылган жарандар менен иштөө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери жана дин кызматкерлери үчүн.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен өнөктөштүктө куралдуу кагылыш аймактарынан мекенине кайтарылган жарандар менен иштөө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерине жана дин кызматкерлерине арналган төрт уникалдуу методикалык колдонмону иштеп чыкты.
Демилгенин негизги максаты – адистерге репатриацияланган жарандар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, социалдык биримдикти бекемдөөгө жана мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзгөн бирдиктүү методологиялык базаны түзүү.
16–24-декабрда Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында куралдуу кагылыш аймактарынан мекенине кайтарылган жарандарды коомго ийгиликтүү интеграциялоо боюнча атайын даярдалган методикалык колдонмолор менен жергиликтүү кызматкерлерди тааныштыруу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Иш-чаралардын алкагында эксперттер суроолорду берип, материалдарды колдонуу боюнча практикалык кеңештерди алып, талкууларды жүргүзүшөт.
Методикалык көрсөтмөлөр төмөнкү топторду камтыйт:
Ички иштер органдарынын (участкалык) кызматкерлери үчүн — репатрианттар жана алардын үй-бүлөлөрү менен өз ара иштешүү, жаңжалдардын алдын алуу жана коомдук тартипти бекемдөө боюнча;
Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн — репатриацияланган балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө, билим берүү чөйрөсүндө ийгиликтүү адаптациялоого багытталган;
Дин кызматкерлери үчүн — репатриацияланган жарандардын руханий жана социалдык реабилитациясына көмөктөшүү;
Социалдык кызматкерлер үчүн — репатриацияланган жарандардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү.