Диний кырдаалды изилдөө маселелери боюнча тегерек стол.

2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору изилдөө жана аналитикалык борборлору бар мамлекеттик органдардын катышуусу менен тегерек стол өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — мамлекеттик органдардын аналитикалык борборлору менен таанышуу, диний кырдаалды изилдөө жана талдоо тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү жолдорун талкуулоо болду. Тегерек столдун жүрүшүндө Диний кырдаалды изилдөө борбору өз ишмердүүлүгүн жана соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын тааныштырды. Чакырылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү диний кырдаалга байланышкан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, актуалдуу суроолорду жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар төмөнкү маанилүү сунуштарды иштеп чыгышты: • диний кырдаалды изилдөө жана маалымат алмашуу багытында мамлекеттик органдардын кызматташтыгын күчөтүү; • диний радикализмдин алдын алуу боюнча аналитикалык борборлор ортосунда биргелешкен иш-чараларды уюштуруу; • илимий жана практикалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик органдарга маалыматтык-аналитикалык колдоо көрсөтүү. Бул сунуштардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү пландалууда.