Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана толеранттуулук: изилдөөнүн жыйынтыктары

 Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана толеранттуулук: изилдөөнүн жыйынтыктары

 Кыргызстандын жашоочуларынын көпчүлүгү өз аймактарында дин тутуу эркиндигинин деңгээлин жогору баалашат. «Сиздин оюңузча, сиз жашаган аймактын тургундары өз ишенимдерине ылайык өз динин канчалык эркин тутса болот?» деген суроого респонденттердин 66,6%ы «абдан эркин», 23,7%ы — «негизинен эркин», 3,7%ы — «анча деле эркин эмес», 0,4%ы — «таптакыр эркин эмес» деп жооп берип, 4,6%ы жооп берүүгө кыйналышкан.

 

Мындан тышкары, «Ар бир адамдын каалаган динди тутууга же эч бир динди тутпоого болгон укугун жарандарыбыз урматташы керек» деген суроого респонденттердин 79,5%ы «толук кошулам» (58,5%) жана «негизинен кошулам» (21%) деп жооп берди. Бул дин тутуу тармагындагы толеранттуулуктун жана өз ара урмат-сыйдын жогорку деңгээлин чагылдырат. Ошол эле учурда 10,5%ы «негизинен кошулбайм», 7,2%ы — «такыр кошулбайм» деп жооп берип, 2,8%ы жооп берүүгө кыйналышкан.

 

Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат Концепциясынын 2022–2026-жылдарга арналган Иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан.

 

Мониторингдин максаты — КРдеги социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалга диний фактордун таасиринин динамикасын талдоого мүмкүндүк берген маалыматтарды алуу, ошондой эле калктын динийлигинин деңгээлин аныктоо.

 

Жалпысынан республикабыздын бардык аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 18 жаштан жогору 1546 адам сурамжыланды. Сурамжылоонун тандоосу көп баскычтуу райондук бөлүштүрүү жана квоталоо ыкмаларынын негизинде түзүлүп, калкты негизги көрсөткүчтөр боюнча — жынысы, жаш курагы, улуту — репрезентациялады.

 

Бул үлгү көлөмү өлкө деңгээлинде («+» «–» 4%) тактык жана 97% ишеним деңгээли менен натыйжаларды камсыз кылат.

 

Сурамжылоого 50дөн ашуун суроо киргизилген.